Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:52

Аба ырайы кескин өзгөрөт


24-25-мартта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин айтымында, маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 24-мартта күндүз 10…15° градус жылуудан 3…8° жылуулукка чейин төмөндөйт, 25-мартта тоолуу райондордо күндүз 5…10° суук болот.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

XS
SM
MD
LG