Президент Алмазбек Атамбаев Жеңиштин 70 жылдыгына карата Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан колдоо чаралары жөнүндөгү жарлыкка кол койду.
Быйыл Жеңиш күнүнө карата согуштун катышуучуларына ар бирине 10 миң сомдон берилет. Мурдагы жылы 3, ал эми былтыр 6 миң сомдон берилген болчу. Мындан тышкары быйыл ардагерлерге жана алардын жесирлерине президенттик фонддон бир жолу 10 миң сомдон төлөнүп берилет.
Бүгүнкү күндө 1941-1945-жылкы согушка катышкан 365 миң кыргызстандыктын 1200гө жакыны гана калды. (RK)