Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Жерүй боюнча сынакка орус миллиардеринин компаниясы да арыз берди


Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дүйшөнбек Зиялиев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн Жерүй алтын кени боюнча сынактын биринчи этабы, башкача айтканда арыздарды кабыл алуу аяктап, үч компаниядан арыз түштү:

- Алардын экөө орусиялык компаниялар: “Восток Геол добыча” жана “Алдан Золото”. Үчүнчү компания биздин “Кыргызалтын”.

Зиялиев кошумчалагандай, арыз берген компаниялардын документтерин конкурстук комиссия эртең карап, алардын кимиси кийинки этапка өтөрүн аныктайт.

Ал эми сынактын жеңүүчүсү дагы бир ай ичинде билиниши керек.

Арыз берген орусиялык эки ишкананын бири – “Алдан золото” 100% орусиялык “Полюс Золото” компаниясына таандык.

Ал эми “Полюс Золотону” орусиялык миллиардер Сулейман Керимов көзөмөлдөйт.

Жер үйдү иштетүү укугун алуу азыркы сынакта 100 миллион долларга бааланууда. (UE)

XS
SM
MD
LG