Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Атамбаев: Бийлик элдик революциялардан сабак алууга милдеттүү


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Март ыңкылабынын 10 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда айтылат. Анда ондогон жылдар бою бийлик экономиканы кыйратып, элдин турмушун жакырлантканы эл үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жапырт көтөрүлгөнү белгиленген. Ошондой эле Кыргызстан элинин адилеттикке жана калыс бийликке болгон үмүтү тебеленип-тепселенгени, 2010-жылы өлкө боюнча оппозициянын нааразылык акциялары өтүп, эл кайрадан көтөрүлгөнү белгиленген.

- Бийлик да, коом дагы 2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги элдик революциялардан сабак алууга милдеттүү. Мамлекет өлкөнүн карапайым калкына таянганда гана бийлиги натыйжалуу болот. Бийликтин күчү - элдин ишениминде. Ал эми карапайым жарандар депутаттарды жана өлкөнүн башчысын шайлоого өтө жооптуу мамиле жасоого тийиш”, - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин башкаруу режими кулатылган. Анын ордуна бийликке келген президент Курманбек Бакиев беш жылдан кийин ушундай эле жол менен бийликтен куулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG