Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Ооганстанда кол салуудан 13 адам мерт кетти


Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Вардак провинциясында куралчан адам жүргүнчүлөргө кол салып, 13 жай тургун мерт кетти. Аймактын бийлиги билдиргендей, куралчан адам жолдогу автоунааларга ок чыгарган. Каза тапкандардын баары ок тийген автобустун ичинде болгону кабарланууда. Бул кол салуу ооган президенти Ашраф Ганинин АКШга сапары маалына дал келди. Гани кечээ Кошмо Штаттардын коргоо министри Эштон Картер менен жолуккан.

НАТОнун Ооганстандагы согуштук миссиясы былтыр декабрда расмий бүткөн.

Бирок Кошмо Штаттар азыр да Ооганстанда 9800 жоокерин кармоодо. Аларга ооган күчтөрүн машыктыруу миссиясы жүктөлгөн.

2016-жылга карата алардын канчасы каларын Гани АКШ президенти менен бүгүнкү жолугушуусунда талкуулайт.

Вашингтон буга чейин пландагандай, 2016-жылга карата Ооганстанда 5500 гана америкалык аскер калуусу керек.

XS
SM
MD
LG