Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Игорь Коломойский кызматтан кетти


Эл ичинде миллиардер деп таанылган Игорь Коломойский 52 жашта
Эл ичинде миллиардер деп таанылган Игорь Коломойский 52 жашта

Украин президенти Петро Порошенко Игорь Коломойскийдин кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койду. Днепропетровск облусунун губернатору Игорь Коломойский менен украин президенти кечээ жолуккан эле.

Маалыматтарга караганда, кызматтан кетүүнү губернаторго мамлекет башчы өзү сунуш кылган. Буга Коломойскийдин акыркы убактардагы жүрүш-турушу негиз бергени айтылат.

Өткөн жумада “Укрнафта” ишканасынын Киевдеги башкы кеңсесин куралдуу адамдар ээлеп алышкан. 22-мартта депутат Сергей Лещенко бул куралчан адамдар Днепропетровск облусунун губернатору, эл ичинде миллиардер катары таанылган Игорь Коломойский менен байланышы бардыгын айтып чыккан.

19-мартта Жогорку Рада акционердик коомдор тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип, Коломойскийди энергетикалык ишканаларга ээлик кылуудан ажыраткан болчу.

Днепропетровск облусу орусиялык жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск жана Донецк облустарына жакын жайгашкан.

XS
SM
MD
LG