Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

УКМК: Башкы прокуратуранын жогорку кызматкери пара менен кармалды


Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы өзүнүн иш бөлмөсүнөн 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 19-мартта УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жеке ишкер арыз менен кайрылган. Ал Башкы прокуратуранын кызматкери мурда козголгон кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 200 миң доллар талап кылганын билдирген.

Башкы көзөмөл органынын кызматкери ушул эле күнү кармалып, ага карата Кылмыш кодексинин 304-313-беренелеринин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүү жаран УКМКнын тергөө абагына камалды.

Тергөөгө байланыштуу кармалган жарандын аты-жөнү айтылган жок. Башкы прокуратура бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Айрым маалымат агенттиктери ал Кылычбек Арпачиев экенин жазып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG