Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Атамбаев: Кыргызстан эч ким менен согушкусу келбейт


Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Парижде Франциянын ишкерлер кеңеши уюштурган кыргыз-француз бизнес форумунда билдирди. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстан бардык өлкөлөр менен жакшы мамиледе болууну каалай турганын айтты.

- Биз эч ким менен согушкубуз келбейт. Биздин кошуналардын бардыгы авторитардык өлкөлөр, бирок биз өзүбүздүн өлкөнү курабыз”, - деди Атамбаев.

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолгон мамлекет башчы өлкө демократия жана эркиндик жолун тандаганын, ишкерлер үчүн ачык өлкө экенин, өнүгүүнүн жолун таап, коррупцияга каршы күрөшүүдөн бюджет кирешеси эки эсе өскөнүн кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация 1-апрелге чейин бир катар Европа өлкөлөрүн кыдырат. Сапар алкагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG