Анда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын тиешелүү өкүлдөрү кыргызстандык мигранттарга киргизилип жаткан жаңы жоболор, эрежелер тууралуу айтып, алардын суроолоруна жооп беришет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.
Жолугушуу 30-мартта Москвада болот. Иш-чара Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.
Быйылкы жылдан баштап Орусия мигранттарга мамилесин катаалданткан. Азыр Орусияга иштөөнү каалагандар сөзсүз түрдө медициналык камсыздандыруудан өтүүгө тийиш, орус тили, маданияты жана тарыхынан экзамен тапшырышат.
Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча жыл башынан бери Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 20 миңге кыскарган. Байкоочулардын айтымында, буга эң ириде Орусиядагы кризис, рублдин арзандашы себеп болууда. (ZKo)