Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Таласта төө буурчак маселеси талкууланат


Бул туурасында “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин эркин депутаты Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, ал жергиликтүү эл менен жолугуп, Түркияда бул жаатта болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Депутат жолугушууда кыргыз фермерлерин Түркияга алып барып окутуп келүү, түрк айыл чарба өкүлдөрүн өлкөгө чакырып, жагдай менен тааныштыруу жана төө буурчак тармагын системалуу түрдө өнүктүрүү үчүн "Кыргыз төө буурчагы" ассоциациясын түзүү маселелери талкууланарын билдирди.

Депутаттын маалыматында азыр эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлүп жатат.

Жээнбеков жолугушууда саясат тууралуу сөз болбой турганын кошумчалады.

Жолугушуу Таласта эртең 27-мартта, облустук музыкалык окуу жай имаратында болот. Аны уюштурууга облустук администрация жардам бермей болду.

Былтыр Таласта дыйкандар төө буурчак баасынын мурдагы жылкыдан арзан болуп жатканына нааразы болгон. Мурдагы жылы төө буурчак алды 120 сомдон бааланса, былтыр 60 сомдун тегерегинде гана болду.(AzK)

XS
SM
MD
LG