Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Опера жана балет театрынын жетекчиси иштен алынды


Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жетекчиси Тимур Саламатов кызматтан алынды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат катчысы Гүлнура Төралиева билдирди.

Саламатовду кызматтан алуу сунушун өкмөт башчыга маданият министри Алтынбек Максүтов кечээ берген.

23-мартта "Вечерний Бишкек" интернет-басылмасы Опера жана балет театрынын сахнасында 20 чакты киши катышкан отуруш болгонун сүрөттөрү менен жазып чыккан. Ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков катышканы маалым болгон.

Коомчулук бул окуяны кескин айыптап, улуттук театр искусствосунун корифейлери ыйык тутуп, өзгөчө аяр мамиле жасаган сахнада ичкилик ичилип, отуруш уюштурулганы үчүн жетекчиликти сындаган. (SE)

XS
SM
MD
LG