Бүгүн Пакистанда талибдердин полицияга чабуулунан 7 офицер каза тапканын өлкөнүн расмий булактары кабарлады. Окуя Карачи шаарында болду. Мотоциклге салынган бомба полиция кызматкерлерин ташып бараткан автобустун жанынан жарылган.
Кол салууга жоопкерчиликти өзүнө "Техрик-э-Талибан" уюму алды. (RK)