Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Базар-Коргондун тургуну Сирияга согушкер катары кеткен


Базар-Коргондун тургуну Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн 2014-жылы кеткени тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кабарларга караганда, 33 жаштагы О.Дехканов өткөн жылдын күз айларында эл аралык террордук топтун катарында Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жөнөп кеткен.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 200дөн ашык. Алардын ичинен 30га жакыны кыз-келиндер.

Эл аралык кризис тобу январда жарыялаган «Сирия коркунучу: Борбор Азиядагы радикалдашуу» деп аталган отчетунда "Ислам мамлекетинин" согушкерлери көзөмөлдөп турган аймактарга кеткен же бул экстремисттик топту колдогон борбор азиялыктардын саны 2-4 миңге чейин жетерин маалымдаган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG