Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Кеминде аммонит чыгарган завод курула баштады


Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн кабарлашынча, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаңы заводдун пайдубалына капсула салууга катышты. Кытайлык инвестициянын эсебинен курула турган заводду "Салют компани" ЖЧК курмай болду. Инвестициянын суммасы 5 миллион долларга бааланган бул завод жылына 12 миң тонна аммонит чыгарат деп пландалууда. Аммонит - тоо-кен казуу өнөр жайында, жолдорду курууда, жогорку чыңалуудагы линиялардын курулушунда колдонулат.

Завод бардык экологиялык нормаларды жана талаптарды сактоо менен курула турганы, анын документтери зарыл экспертизадан өткөрүлгөнү белгиленүүдө.

Заводдун курулушу ушул жылы аяктап, кийинки жылдан тарта өндүрүш башталат, жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 миллион сом түшөт деп пландалууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG