Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Кумтөр боюнча кезектеги сүйлөшүү бүгүн соңуна чыгат


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Канаданын Centerra Gold Inc ишканасынан келген делегация менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда 23-марттан бери уланып жаткан кезектеги сүйлөшүү бүгүн соңуна чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Кыргызалтындын" жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Сүйлөшүүгө кыргыз өкмөтү менен "Центерра" жалдаган эл аралык юридикалык, экологиялык, каржы жана өндүрүштүк компаниялардын өкүлдөрү да катышууда. Талкуунун өзөгүн экологияга байланыштуу талаптар түзүп жатат. Бирок Мамытов азырынча жыйынтык чыгарууга эрте экендигин айтты:

- Орток пикир табылабы же жокпу, белгисиз. Талкуунун жыйынтыгын “Кыргызалтын” өкмөт менен бирге коомчулукка маалымдайт.

Кумтөр алтын кенин 50/50 пайыз үлүш менен иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. (SE)

XS
SM
MD
LG