Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Тунисте он миңдеген адам терроризмге каршы жүрүшкө чыкты


"Бардо" музейиндеги окуядан соң Тунисте коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
"Бардо" музейиндеги окуядан соң Тунисте коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Жекшемби күнү жүрүшкө чыккандардын акциясы “Тунис эркин! Терроризмге жол жок!” деген ураан астында өттү. Алар “Бардо” музейине жөө басып барышты. Аталган музейде 18-март күнү экстремисттердин огунан 20дан ашуун адам мерт кеткен болчу. Жүрүшкө дүйнө лидерлеринен Франция президенти Франсуа Олланд жана Италия премьер-министри Меттео Ренци да катышты.

Тунис бийлиги ушул тапта террорчуларга каршы аракетти күчөткөн. Ишемби күнү Гафса провинциясында өткөн антитеррордук операциянын жүрүшүндө тогуз согушкер өлтүрүлгөнүн, арасында музейге чабуул койгондордун башчысы деп шектелген түбү алжирлик Локман Абу Сахру да бар экенин өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлаган. (SE)

XS
SM
MD
LG