Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:07

Башкаруу академиясынын мурдагы ректору коррупцияга шектелүүдө


Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Ш.Ч.Б. кызмат абалынан кыянат пайдаланып, коррупцияга жол берген деп айыпталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, аталган комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 15-февралда кыргызстандык жаран кайрылып, мурдагы ректорго чара көрүүнү өтүнгөн.

“Ал арызында мурдагы ректор мыйзамсыз түрдө 450 миң сом акча алгандыгын жазган. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында, мурдагы ректор ижара акысы боюнча инструкцияны бузуп, мамлекетке 300 миң сомдон ашуун зыян келтиргени такталды. Учурда 304-берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө” деди Сулайманов.

УКМК Ш.Ч.Б деп белгилеп жаткан адам Академиянын мурдагы ректору Чыңгыз Болотович Шамшиев болушу ыктымал. Ал учурда Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти. Аталган окуу жайга байланышканыбызда Шамшиев 6-марттан бери чет өлкөдө иш сапарда экенин, башка комментарий бере албай тургандыктарын айтышты. (МТо)

XS
SM
MD
LG