Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:25

ӨИК кыймылынын согушкерлери эми "Ислам мамлекети" тобуна баш ийет


Ооганстандын түндүгүндө өздөрүн "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрү деп атаган согушкерлер “Ислам мамлекети” радикал тобуна кошулганын билдиришти. Садулла Ургенчи аттуу киши "Талибандын" ана башы молдо Омор 13 жылдан бери көрүнө электигин жана “шариатка жараша” ал мындан ары лидер боло албасын айтты.

Ургенчи эми алар “Ислам мамлекетинин” жетекчиси Абу Бакр ал Багдадиге баш ийерин ырастады.

Топ ошондой эле ооган аскерин мууздап жатканы тартылган видеону интерентке жарыялады. Ургенчинин айтымында, ооган армиясы Фарияб чөлкөмүндө жакында "Өзбекстан ислам кыймылынын" бир нече аял мүчөсүн колго түшүргөн, ага жооп иретинде оогандык 30 жоокерди кармап кетишкен.

Согушкерлердин өкүлү ооган өкмөтү туткундарды айырбаштоо сунушун көз жаздымда калтырганын, талаптары аткарылмайын, калган аскерлердин да көзүн тазалашаарын кошумчалады.

Ооганстан бийликтери видео боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG