Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

"Фридом Хаус" азери журналистин абактан бошотуу өнөктүгүн баштады


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул бейөкмөт уюм бүгүн баштаган эл аралык өнөктүк Азербайжан бийликтерине абакта олтурган журналист Хадижа Исмаилованы бошотуусу үчүн кысым көргөзүү максатын көздөйт.

Уюмдун вице-президенти Арч Паддингтондун айтымында, азыркы аракеттер жакында Египеттен “ал-Жазира” телеканалынын журналисттеринин бошотулушуна алып барган өнөктүккө окшош болушу керек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан Хадижа Исмаилованын Азербайжандын саясий элитасы, анын ичинде президент Илхам Алиевдин үй-бүлөсү аралашкан коррупцияны иликтеп келгенин эске алганда, журналистке тагылган айыптардын “саясий жүйөсү” бар жана бул азери өкмөтүнүн арга кеткендеги аракети", - дейт "Фридом Хаус".

"Фридом Хаус" ошондой эле Хадижа Исмаилованы бошотуу үчүн дипломатиялык чара көрүүгө Вашингтон да жоопкер деп эсептейт. Хадижа Исмаилова былтыр 5-декабрда камакка алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG