Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Кургак учукка каршы бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылат


Кургак учукка каршы Ошто өткөрүлгөн акция. 24-март, 2015-жыл.
Кургак учукка каршы Ошто өткөрүлгөн акция. 24-март, 2015-жыл.

Кургак учукту азайтуу, ооруга каршы күрөштү жандантуу максатында мыкты натыйжа көрсөткөн медициналык мекемелерге атайын жабдуулар берилет. Жалпы суммасы 200 миң долларлык дарылоочу каражаттар, тамак-аш камтылган гуманитардык жардам USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” аттуу долбоорунун алкагында сатылып алынат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, ооруга каршы күрөшүү боюнча жарыяланган бир айлыктын жыйынтыгы бүгүн Бишкектеги “Сити-Отель” комплексинде чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат.

Жыйындын алкагында үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын адистери менен эл аралык өнөктөштөрдүн жолугушуусу өтөт.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 6 миң киши кургак учукка кабылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG