Украинанын энергетика министри Владимир Демчишиндин айтымында, анын өлкөсү Орусиянын “Газпром” компаниясынан газды сатып албай калды.
"Газдын 1 000 куб метринин баасы 250 доллар болгон учурда гана биз көгүлтүр отунду кайра сатып ала баштайбыз", деди Демчишин.
Министрдин билдиришинче, Украина жана Орусия 2016-жылдын мартына чейин газ менен камсыздоо боюнча келишимге 14-апрелде кол койот. ТАССтын билдиришинче, Орусия Украинага 1 000 куб метр газды 329 доллардан сатат.