Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Батыш журналисттери Крым боюнча Атамбаевдин позициясына кызыгышты


Германияда жүргөн кабарчыбыз Кубаныч Жолдошевдин билдиришинче, бүгүнкү маалымат жыйында батыш журналисттери кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевден "Чыгыш Украинадагы кырдаал боюнча Германиянын позициясын бөлүшөсүзбү?” деп сурашты. Орусиянын Крымды аннексиялап алганы боюнча да президенттин позициясын билүүгө кызыгышты.

Алмазбек Атамбаев ар кандай чыр-чатакты согушсуз жана күч колдонбоо аркылуу чечүүнүн тарапкери экендигин билдирип, жооп берди. Бул маселенин тынчтык жолу менен чечилишине ниетин билдирген Атамбаев кырдаалды курчутуу тараптардын бирине дагы пайда алып келбестигин эске салды.

Немис канцлери Ангела Меркел Орусия Украинанын мамлекеттик бүтүндүгүн сактоодо эл аралык укуктун ченемдерин бузганын эскертип, Германия аны калыбына келтирүүнү аягына чейин талап кыларын билдирди. (KJ\AzK)

XS
SM
MD
LG