Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:33

Ошто Сириядагы согушка катышканы шектелген үч жаран кармалды


УКМКнын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" бүгүн кабарлашканына караганда, эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү делген 3 жаран Ошто 26-март күнү кармалган. 26 жана 27 жаш курактагы бул жарандар чет мамлекетте террордук даярдыктын өтүп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Алар камакка алынып, Кылмыш кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.

БУУнун соңку маалыматы боюнча, Ирак, Сирия, Ливия, Пакистан жана Филиппинде активдүү аракеттенип жаткан экстремисттик топтордун катарына бир жыл ичинде 100гө жакын мамлекеттен 25 миңден ашуун радикал көз караштагы динчил кошулган. (AzK)

XS
SM
MD
LG