Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Орусияда кеме чөгүп, 54 кишинин өмүрү кыйылды


Камчатка жарым аралынын каршысындагы Охотск деңизинде орусиялык балык уулоочу траулер чөгүп, ичиндеги 132 кишиден аз дегенде 54ү сууда тумчугуп өлгөндүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдашты. Кечээки кырсыкта 63 киши куткарылды. Көбү муздак сууда катуу үшүп калып, 10 чактысы эсине келбей жаткандыгы кабарланууда. Кеме командасынын 15 мүчөсү табылбай жатат. Чукул абалдар министрлигинин интернет сайтында айтылгандай, куткаруу иштерине 25тей балык уулоочу кеме көмөктөшүп жатат.

Кеменин эмнеден чөккөнү тактала элек. Кеменин командасында Орусиядан тышкары, Латвиядан, Украинадан, Мянмар, Натуатудан өкүлдөр болгондугун Интерфакс билдирди.

XS
SM
MD
LG