Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекте спортчулардын майрамы өтөт


Кыргызстандык спортчулар Сочи олимпиадасында. 2014-жыл.
Кыргызстандык спортчулар Сочи олимпиадасында. 2014-жыл.

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети борбордогу спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, салтанат уюштурат. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Гүлжан Турдубаева билдирди. Кеченин алкагында мыкты көрсөткүчкө ээ болгон спортчулар менен машыктыруучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү Кыргызстанда 2014-жылдан бери 6-апрелде белгиленет. Бул күндү майрамдоо тууралуу токтомго ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.

2013-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 6-апрелди тынчтык жана өнүгүү үчүн эл аралык спорт күнү катары белгилөө чечимин чыгарган. Ага чейин спортчулардын кесиптик күнү Кыргызстанда сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгиленчү.

Датага байланыштуу мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара 6-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Быйыл Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин түзүлгөндүгүнө 90 жыл толот. 1925-жылы 8-апрелде Кара-Кыргыз автономиялык облусунда дене тарбия жана спорт боюнча облустук кеңеш иштей баштаган. (ECh)

XS
SM
MD
LG