Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Бирдиктүү кайрылууга КМШнын төрт мамлекети кол койгон жок


КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун түзүлүүсүнүн 40 жылдыгына байланыштуу ага мүчө мамлекеттерге карата кабыл алынган бирдиктүү кайрылууга Украина, Өзбекстан, Азербайжан, Молдова мамлекеттери кол койгон жок.

Аталган кайрылууда ЕККУга кирген мамлекеттерди Хельсинки келишиминин принциптерин так сактап, бир тараптуу санкцияларды киргизбөөгө жана блокадага албоого, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырык ташталган болчу.

Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат.

Анда он бешке жакын маселе каралып, талкуунун өзөгүн коопсуздук темасы түздү. Ошондой эле чек ара көйгөйлөрүн чечүү, маданий-гуманитардык байланышты чыңдоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча кызматташтык маселелери каралып жатат.(AzK\KJ)

XS
SM
MD
LG