Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

Бишкекте кинорежиссер Динара Асанованы эскеришти


Динара Асанова
Динара Асанова

Бүгүн Бишкектеги Кино үйүндө белгилүү кинорежиссер Динара Асанованы кесиптештери, күйөрмандары эскеришти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Айтыш” коомунун жетекчиси Садык Шер-Нияз кабарлады. Ага Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Нуртай Борбиев, Мар Байжиев баш болгон көрүнүктүү маданий ишмерлер катышууда.

Кыргызстан кинематографисттер биримдиги уюштурган эскерүү кечесинде Асанова тууралуу деректүү тасма көрсөтүлдү.

Динара Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзеде (азыркы Бишкек) туулган. Ал советтик киного өзгөчө стили менен ачылыш жасаган. Ал өзүнүн кейиштүү кыска өмүрүндө он тасма тартса да, кино өнөрүндө мыкты чыгармаларды жаратып кеткен чебер катары өчпөс из калтырып кетти. Ага көзү өткөндөн кийин 1985-жылы “Безери балдар” ("Пацаны") киносу үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Кинорежиссер “Бейтааныш” ("Незнакомка") деген аталыштагы тасманы Мурманскиде тартып жүрүп, 43 жашында жүрөгү кармап каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG