Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

“Фенербахче” футбол клубунун оюнчуларына кол салынды


Түркияда “Фенербахче” футбол клубунун оюнчулары бараткан автобус кол салууга дуушар болду. Окуя өлкөнүн түндүгүндө чоң жолдо болгон. Бул тууралуу Трабзон шаарынын бийлиги кабарлады. Жараат алган автобустун айдоочусу ооруканага жаткырылды. Кол салуу “Фенербахче” “Ризеспор” клубун 5:1 эсебинде утуп алган учурга туш келүүдө. Жергиликтүү бийлик спортчулардын автобусуна таш ыргытылганын айтышкан. Бирок клуб мүчөлөрү ок атылганын белгилеп жатышат. Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Даутоглу кол салууну айыптап, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG