Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Орусияда “Чыгармачылыктагы эркиндик үчүн” деген митинг өттү


Орусиянын Новосибирск жана Санкт-Петербург шаарларында “Тангайзер” спектаклине байланыштуу “Чыгармачылыктагы эркиндик үчүн!” деген аталышта митинг өттү. Анда маданият министринин жана опера театрынын жаңы директорунун кызматтан кетүүсүн, аталган спектаклди калыбына келтирүүнү талап кылышты. “Тангайзер” спектаклинин режиссеру Тимофей Кулябинди жана Новосибирск опера жана балет театрынын мурдагы директору Борис Мездричти колдоп, митингге бир канча миң адам чыкты. Алар чыгармачылыкта өтө коркунучтуу кырдаал түзүлүп жатканын айтышты.

Рихард Вагнердин “Тангайзер” спектакли Новосибирск театрында өткөн жылы коюлган. Шаардын чиркөө башчысы диний сезимдерди кемсинтти деп прокуратурага кайрылган. Кийин Кулябин жана Мездричке каршы кылмыш иши козголгон. Сот мыйзамдын бузулушун тапкан эмес. Бирок спектакль репертуардан алып салынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG