Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:45

Москвада Борбор Азиядагы чек ара көйгөйү талкууланат


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев иш сапар менен Москвага кетти. Ал жакта ФСБнын Чек ара кызматынын башчысы Владимир Кулишов менен жолугат. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдиргендей, 6-апрелден 8-апрелге чейин созулчу иш-чарада кыргыз-орус аскерий кызматташуусу каралат.

- Жолугушууда КМШ мамлекеттериндеги чек араларына байланыштуу пикир алмашуу болот. Андан сырткары, Борбор Азиядагы чек ара көйгөйү талкууланат,- дейт Бөрүбаева.

Кыргызстан төрт мамлекет – Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Алардын арасынан өзбек жана тажик чек араларында чыр-чатак көп катталат. (SE)

XS
SM
MD
LG