Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Фейсбуктан кыргызстандыктарды жихадга үндөгөн жаран изделүүдө


Ички иштер министрлиги фейсбук социалдык тармагы аркылуу элди жихадка үндөгөн жаранды издеп жатат. Мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, 20-24 жаштардагы жигит 4-апрель күнү фейсбуктагы жеке баракчасына Кыргызстандагы азыркы башкарууну жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган. Анын айтымында, учурда алты киши топтолгон, алардын төртөө балдар үйүндө чоңойгон.

Милиция жихадга үндөгөн жарандын жеке баракчасындагы сүрөткө таянып билдиргендей, ал учурда террордук топтордун курамында машыгып жүргөн болушу мүмкүн же чет жактан машыгып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG