Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Казакстанда ондогон үй ээлери демонстрацияга чыкты


Баш калаа Астанада алар президент Нурсултан Назарбаевден доллар менен алган насыяларын төлөөнүн шарттарын кайра карап чыгууга жардам берүүнү сурашты. Тенге арзандап кеткендиктен, насыя алуучулардын ай сайын төлөнүүчү үлүшү кескин көтөрүлдү.

Ушул айдын 26сында кайра президент болуп шайланат деп күтүлгөн Назарбаевден демонстранттар алардын көйгөйүн шайлоо өнөктүгүндө көтөрүүгө чакырышты. Насыя алуучулар тобунун башчысы Эсенбек Окшебаев "Азаттыкка" «чукул абалга» байланыштуу өкмөт бизге жардам бериши керек деди. Казакстандын Борбордук банкынын өкүлү Александр Тереньев чогулгандарга май айында баштала турган атайын программа боюнча өкмөт насыясын төлөй албагандарга жардам иретинде 750 миллион доллар бөлгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG