Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Мунапыс: ооган өкмөтү активист айымдарды коргой албай жатат


Мунапыс уюму ооган өкмөтүн активист айымдарды коргой албай жатат деп сынга алды. Эл аралык Мунапыс уюму Ооганстанда аял активисттердин коркутуулардын, зордукчулук, өлтүрүү кылмыштарынын курмандыктары болуп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Укук коргоочу уюм аялдарга каршы зордукчулукка талиптер же башка куралдуу топтор гана эмес, өкмөттүк тартип коргоочулар да жол берип жаткандыгын сынга алды. Уюмдун маалыматына ылайык, 19-мартта Кабулда Куранды өрттөдү деген жалган кине менен өлтүрүлгөн 27 жаштагы аялды коргоп калуу үчүн тартип коргоочулар эч аракет көрүшкөн эмес. Февралда саясатчы Ангиза Шингари машинасы жарылганда набыт болду. Депутат жана укук коргоочу Шукрия Барекзай былтыр Кабулда жанкечтинин чабуулунан аман калган.

XS
SM
MD
LG