Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Баткен облусунун 15 жылдыгы белгиленет


Баткендеги өрүк гүлү
Баткендеги өрүк гүлү

Баткен облусу түзүлгөнүнүн 15 жылдыгын 16-апрель күнү белгилөө үчүн иш-чаралар планы бекитилди. Анын алкагында атайын илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, талкуулар өтөт. Мындан тышкары 2 күн спорттук мелдештер, аскердик жана эмгекчилердин жүрүшү да болот.

Облустук бийликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, салтанатты уюштурууга эл аралык уюмдар жана соода компаниялары демөөрчүлүк кылат. Казынадан акча сарпталбайт.

Баткенди өзүнчө облус кылып түзүү тууралуу документке 1999-жылдын күзүндө кол коюлган. Өткөн жылы 15 жылдык майрам жазга калтырылып, белгиленбей калган. Мындан ары майрам жазында айгүл, өрүк гүлдөгөн маалда белгиленип турмай болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG