Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Георгий тасмасынан баш тартуу демилгеси кайра көтөрүлдү


“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” жарандык кыймылы Жеңиш майрамын белгилөөдө Георгий тасмасын колдонуудан баш тартууну сунуштап жатат. Алар бул тасма Орусия империясындагы колониализм жана үстөмдүк кылуунун символу болгон деген негизди карманууда. Активисттердин айтымында, андан баш тартпоо Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна шек келтирет.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” жарандык кыймылы өткөн жылы да ушундай демилге менен чыгып, кыргыз мамлекеттик Туусуна түспөлдөш тасмаларды таратышкан. Бирок милиция тоскоолдук кылып, Жеңиш аянтына чыккан активисттерди кармап кеткен эле.

Быйыл Бишкек мэриясы 9-Майга карата кооздоо иштерине Георгий тасмасынын ордуна кызыл-сары түстөгү лентаны колдонору кабарланган. Бирок Георгий тасмасына да тыюу салган жок.

Беларус, Украина, Молдова, Грузия жана Казакстан аны жайылтуудан баш тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG