Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Депутат Шайназаровдун жардамчысына байланыштуу чырлуу видео тарады


Элмырза Давыдов жол сакчысынын күбөлүгүн текшерип жаткан учуру. Сүрөт видеодон кесилип алынды.
Элмырза Давыдов жол сакчысынын күбөлүгүн текшерип жаткан учуру. Сүрөт видеодон кесилип алынды.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” тобунун депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун жардамчысы Элмырза Давыдов менен Жол коопсуздугу кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуу тартылган видео интернетке тарады. Маалыматка ылайык, окуя 2-апрелде болгон. Анда жол кайгуулчулар Бишкектеги Ала-Тоо аянтына тыюу салынган убакытта машина айдап киргени үчүн Давыдовдун унаасын токтоткону, протокол түзүү учурунда эки тарап ортосунда пикир келишпөөчүлүк чыкканы тартылган. Тасмада депутаттын жардамчысы жол коопсуздук сакчысынан эки ирет күбөлүк талап кылганы, өзүн Жогорку Кеңеште иштегенин айтып, алардын аракети мыйзамсыз болуп жатканын белгилегени көрсөтүлөт. Ошондой эле протоколго кол коюуга макул болбой, сотко берерин билдирген.

Республикалык Жол кайгуул кызматы “маичилер” мыйзам бузбаганын, окуя иликтенип жатканын “Азаттыкка” кабарлады.

Ал эми депутаттын жардамчысы Элмырза Давыдов жол сакчылары күнөөлүү экенин белгилөөдө:

- Мен Ала-Тоо аянтына кечинде коомдук унаадан башка машинелердин киришине тыюу салынганын унутуп коюпмун. ЖКК өкүлдөрү мени токтотуп, унаанын ичинде протокол толтура баштады. Мен бул мыйзамсыз экенин, протоколду сыртта жазыш керектигин белгиледим. Коркуткан жокмун, болгону “Мен да мыйзамды билем, парламентте иштейм” дегенмин. Алгач мага догурунушкан. Интернетке чыккан видеону алар өздөрүн “ак” көрсөткөндөй монтаждап коюшуптур,- дейт Давыдов.

Депутаттын жардамчысына 1000 сом айыппул салынган. Азырынча аны төлөй элек. Мыйзам боюнча аталган акча протокол түзүлгөндөн соң 30 күн ичинде мамлекет казынасына түшүшү кажет.

Чүй көчөсүнүн Ала-Тоо аянтын аралап өткөн аймагында кечки саат 19:30дан 24:00гө чейин жеңил унаа менен өтүүгө тыюу салынат. (SE)

XS
SM
MD
LG