Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

ИИМ: Оппозицияга зомбулук болгон эмес


Ички иштер министрлиги Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрүнө карата күч колдонулганы тууралуу маалыматты текшерип, алгачкы иликтөөсүн аяктады. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов оппозиция өкүлдөрүнө эч ким кол көтөрбөгөнүн, аларды уурдап кетишкени тууралуу кабар да чындыкка дал келбесин “Азаттыкка” айтты:

- Бул боюнча милицияга да кайрылуу түшкөн эмес. Бүгүнкү күндө оппозиция өкүлдөрү Жалал-Абаддын Сузак районунда, Бектур Асановдун үйүндө экени аныкталды,- дейт Сейитов.

Сейитовдун айтымында, Ош шаарынын тургундары оппозиция өкүлдөрүнө барып, "2010-жылдан бери ар кандай жыйындардан жүрөкзаада болуп калышканын, аларга стабилдүүлүк керек экенин" айтып, Ошто жыйынга чогулбоону суранышкан. Учурда милиция ушундай сураныч менен кайрылган жарандар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

Оппозициядагылардын айтымында, 9-апрель күнү кечинде алар Ош шаарында конокто отурган үйгө белгисиз кишилер бастырып кирип, кол салган жана Бектур Асанов, Улукбек Маматаев менен Кубанычбек Кадыровду белгисиз жакка алып кетишкен. Бирок кийинчерээк алар такси менен Жалал-Абадга кеткени маалым болгон.

Улуттук оппозициялык кыймыл муну бийлик тарабынан атайын жасалган басым деп атоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG