АКШ менен Куба дээрлик жарым кылымдан берки алгачкы жолугушуусун өткөрдү. Эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери Жон Керри менен Бруно Родригес Панамада Америка саммитинин алкагында жолугушту.
Жолугушуу жабык өттү.
АКШ тараптагы булактардын билдиргенине караганда, тараптар ортодогу пикир келишпестиктерди жоюу багытында ишти улантууну чечти.
АКШ президенти Барак Обаманын айтымында, Мамлекеттик департамент Кубанын терроризмди каржылаган өлкөлөр тизмесинен чыгаруу же калтыруу маселеси изилденип бүтүп калды жана чечим жакын арада чыгат. (RK)