Туура 54 жыл мурда адамзат тарыхында Юрий Гагарин биринчи жолу космоско учкан. Ал 1961-жылдын 12-апрелинде Байкоңурдан “Восток-1” корабли менен учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Гагаринге чейин 1960-жылы космоско эң биринчи Белка жана Стрелка аттуу иттер учурулган. Алар космосто 25 саат болушкан.
Ал эми Кыргызстандан космоско учкан алгачкы учкуч - Салижан Шарипов. Ал алгачкы жолу 1998-жылы галлактика менен жакындан таанышкан.