Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

“Кыргызалтынды” Кылычбек Шакиров жетектей баштады


Кылычбек Шакиров “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечимди өткөн жума соңунда мекеменин директорлор кеңеши кабыл алды. Шакиров буга чейин компания башчысынын экономика жана каржы тармагы боюнча орун басары болуп иштеп келген.

Ишкананын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов 10-апрель күнү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Буга өкмөт башчы менен Кумтөр маселесинде бир пикирге келе албаганы себеп болгонун айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG