Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Эки жашар баласын өлгөнчө сабаган эне камалды


Баласын өлгөнчө сабаган М.Ю. аттуу 29 жаштагы эне жана аны менен чогуу жашаган Г.А. деген адам ишемби күнү кармалды. Сот аларды эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эки жаштагы баланы 8-апрелде ооруканага алып барышкан. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына ылайык, бала оор жарааттан улам каза тапкан. Бети-башы көгөрүп, кабыргасы сынган, ички органдары жабыркаган.

Милиция окуя боюнча “өлүмгө алып келгенче денесине оор жаракат келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козгоду. Шектүү катары кармалгандар №1 Тергөө абагына камалды. Тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG