Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Хакасиядагы өрт курмандыктарынын саны он жетиге жетти


Өрт Хакасиянын борбору - Абакан шаарынын чет -жакасына чейин жайылды. 12-апрель, 2015-жыл.
Өрт Хакасиянын борбору - Абакан шаарынын чет -жакасына чейин жайылды. 12-апрель, 2015-жыл.

Орусия бийликтеринин соңку эсептерине караганда, тилсиз жоо кеминде 17 кишинин өмүрүн алганы аныкталды, медициналык жардам сурап 468 киши кайрылса, 77си ооруканага түштү.

Шаарча-кыштактарда өрттөнгөн турак-үйлөрдүн саны 1200дөн ашуун. Ири өрт белгисиз бирөөлөрдүн кургактылган чөпкө өрт коюшунан улам чыкканы айтылууда. Чыгым 5 миллиард рублге бааланып жатат. Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Хакасиядагы кыргыз диаспора башчыларынын бири Азиз Чекиров “Азаттыкка” маалымдагандай, алардын эсеби боюнча өрттөн жабыр тарткан кыргызстандыктардын саны кеминде 50ге жетиши мүмкүн.

Алар документсиз, акчасыз жана кийим-кечексиз калышкан. Бир эле Бийск районунда тогуз кыргызстандыктын турак-жайы күйүп кеткен.

Хакасиянын бийликтери 14-апрелди өрт курмандыктары үчүн аза күтүү күнү катары жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG