Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Жогорку Кеңештин төрт жылдык ишине баа берилет


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүздү.

Долбоордун координатору Диана Макенбаева “Азаттыкка” билдиргендей, алар парламенттин 2011-жылдын январь айынан 2014-жылдын декабрына чейинки ишмердүүлүгүн анализдеген. Анын жыйынтыгы бүгүн Бишкектеги “Парк отель” комплексинде коомчулукка жарыяланып, мыкты жана начар көрсөткүчтөгү фракциялар менен депутаттардын аты-жөнү айтылат.

Парламенттик шайлоо акыркы ирет 2010-жылы болгон. Депутаттардын мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG