Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Мамлекеттик айыптоо Кадыралиевдин үй камагына чыгышына нааразы


Канжар Кадыралиевдин үй камагына чыгарылышына нааразы болуп мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Башкы прокуратурадан билдиришти. Өткөн жума күнү Бишкек шаардык соту Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Эки апта мурун ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, кайтарууга алынган болчу

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге 2014-жылдын күзүндө бейбаштык, опузалоо жана өз билемдик беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, ал Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошотулган. Андан бери кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан.

26-мартта ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген.

XS
SM
MD
LG