Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Берлинде "Нормандия төрттүгү" чыгыш Украинадагы абалды талкуулады


Орусия, Украина, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери Берлинде чыгыш Украинадагы кырдаалды талкуулап,курал-жаракты уруш тилкесинен чыгаруу процессин ыкчамдатуу тууралуу макулдашышты.

“Нормандия төрттүгү” ок атышууну токтотуу келишими улам бузулгандыктан Донбасстагы абал оор бойдон кала бергенин белгилешти.

Германиянын тышкы мекемесинин жетекчиси Франк-Валтер Штайнмайер министрлер артка жылдырыла турган куралдын тизмесине миномет, танк, бронетехника киргизилгенин айтты.

Башкы дипломаттар ошондой эле коопсуздук, саясий процесс, гуманитардык маселелер, экономика жана реабилитация боюнча 4 жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашышты.

Былтыркы апрелден бери орусиячыл жикчилер менен Украина армиясынын ортосундагы куралдуу жаңжал 6 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти.

Февралда Германия жана Франция лидерлеринин арачылыгы менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишими кагылышууну азайтканы менен, кырдаал курч бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG