Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


Шашылыш эскертүү

15-16-апрелинде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Мындай бороон-чапкындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Ал жемиш бактарынын гүлдөрүнө да коркунуч туудурат.

16-апрелде мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 12...17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,

16-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болушу күтүлөт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG