Согушчандар 15-апрелде Рамади шаарынын четиндеги үч кыштактан өкмөттүк аскерлерди сүрүп чыкканын Анбар провинциясынын эли ырастоодо. Жихадчылар Рамадинин чыгыш ныптасындагы үч кыштакты, бир полиция имаратын жана электр станциясын басып алганын Associated Press агенттиги да тастыктады.
Маалыматтарга караганда, уруш Рамадидеги провинциялдык өкмөттүн имараттарынан 2 чакырым чыгыш жакта жүрүүдө. Өкмөттүк күчтөргө абадан аскер авиациясы көмөк көрсөтүүдө.
Халифатчылар Ирактын батышындагы Анбар провинциясынын чоң бөлүгүн былтыр июнда басып алган. Бирок соңку айлардагы согушта көп жерлерди колдон чыгарды.