Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Укук коргоочулар майыптарды колдоп флеш-моб уюштурат


Майыптар жөнүндөгү конвенцияны ратификациялоо талабы менен бүгүн Бишкекте Ак үйдүн жанында укук коргоочулар флеш-моб өткөрөт. “Эркиндик үнү” уюму тараткан маалыматка ылайык, акцияны “Жаңырык” улуттук борбору менен Майыптарга юридикалык колдоо көрсөтүү фонду бирге уюштурууда. Демилгечилер мамлекетте 160 миң майып адам коомдун аялуу катмарында кирерин айтып, конвенциянын маанилүүлүлүгүн бийликке жеткирүүнү көздөйт.

БУУ тарабынан 2008-жылы кабыл алынган конвенция дүйнөнүн 151 мамлекетинде колдоого алынган. Арасында Орусия, Түркмөнстан, Түркия жана Казакстан да бар. Ал майыптардын билим алуусуна, иштешине, коомдун толуккандуу мүчөсү болушуна шарт түзүүнү көздөйт.

Ак үйдүн жанындагы акция саат 12:00до башталат. Соңунда 5000 адамдын колу коюлган кайрылуу Жогорку Кеңешке берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG