Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Журналист Орунбеков акталды


Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековго байланыштуу ишти карады. Буга чейин адвокат Жыргал Бабаев бул иште кылмыштын элементтери жок экенин белгилеп, кылмыш ишти кыскартууну соттон өтүнгөн. Орунбековдун “Азаттыкка” айтымында, прокуратура дагы ушундай өтүнүч келтирген. Эки жагдайды эске алып бүгүн сот кылмыш ишти кыскартуу чечимин чыгарды.

Башкы прокуратура maalymat.kg сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековду жалган маалымат таратты деп айыптап, былтыр кышында кылмыш иш козголгон. Ага “Жаңы жүздөр” гезитине Анара Юсупова аттуу жарандын журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жазган макаласы негиз болгон. Макалада Орунбеков бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп ишенимсиз булактарга таянып жазганы үчүн жоопко тартуу керектиги айтылган. Тергөөдө Анара Юсупованын ким экени да такталган эмес.

Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясый куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалап келген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG