Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Нарын облусунда түлкүдөн кутурма чыкты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында 2015-жылдын 9-апрелинде саат 17:00 чамасында К. Койлуевдин музоосуна, К.Байсеркеевдин бир баш коюна түлкү кол салып, тиштеп алган. Түлкү өлтүрүлүп, башы Республикалык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертизациялоо борборуна текшерүү үчүн жөнөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында, түлкүдөн кутурма оорусунун козгогучу бар экени аныкталган.

Жаңы-Тилек айылындагы иттерди каттоого алуу, каттоодон өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Айыл аймагы боюнча кутурма оорусуна каршы 92 ит алдын ала эмдөөлөрдөн өткөрүлдү.(КЕ)

XS
SM
MD
LG